Кыргыз Өкмөтү Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумуш топтун жыйынында билдирди.
Вице-премьер-министр жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде өзгөртүүгө сунушталып жатканын белгиледи.
«Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдардын бир нечесин азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумуш топ келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду», – деди Жеңиш Разаков.
Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда:
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө жүргүзүлгөн сот-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча 4 маселе каралды. Анда мамлекеттик бийлик органдары системасындагы укук коргоо органдарынын орду жана ролу, белгиленген укуктук негиздер, принциптер, коюлган тапшырмалар жана аткарууну уюштуруу иштери башкы максат болгон «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы негизи маселе болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, келечекте укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү бирдиктүү мыйзам менен гана жөнгө салынат.