2019-жылы майда өткөн жылга салыштырмалуу ЕАӨБ кирген мамлекеттер арасында тарифтерге баа көтөрүлүп, бир гана Арменияда 0.4% төмөндөө катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети маалымдады.
2018-жылдын декабырына салыштырганда ушул жылдын май айында инфляциянын жогорку чеги — 3% Беларусиянын экономикасында керектөөчү секторунда катталган.Ал эми биздин өлкөдө дефляция 0.3% болду.
Ошол эле учурда Казахстанда 2019-жылы май айында өткөн жылдын декабрына салыштырганда баалар жогорулап, алкоголь ичимдиктери жана тамекиге баалар 5.7% кымбаттаган. Ал эми Беларусияда тескеринче азык түлүккө кирбеген товарлардын баасы 2.3% жогорулап, кызмат көрсөтүү да 3.6% кымбаттап кеткен.