Быйылкы жылдын май айында 1,5 млрд сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.
2019-жылдын май айына мамлекеттик казыналык векселдерди (МКВ) жана мамлекеттик казыналык облигацияларды (МКО) чыгаруунун болжолдуу көлөмдөрү тууралуу маалымат
«Мамлекеттик казналык векселдерди (МКВ) — 300 млн сомго 12 ай жүгүртүү мөөнөтү менен чыгарууда. Биринчи аукцион кечээ 16-майда өттү. Келерки ачык сатуу 23-майга каралган», — деп билдирет финансы минстрлиги.
Ошондой эле, мамлекеттик казналык облигациялар (МКО) жалпы суммасы 1.2 млрд сомго чыгарылат. Облигацияларды жүгүртүү мөөнөтү — үч жылдан жети жылга каралып, жылдык кирешеси 5% дан 7% жетет. Бүгүн биринчи аукцион 17 -майда өтсө, а келерки сатуу 24-майга каралган.