2019-жылдын 4 айында мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 47 млрд 481,5 млн сомду түздү деп билдирди Кыргызстандын Финансы министрлиги.
Отчёттук маалыматтар боюнча, 2019-жылдын январь-апрель айлары аралыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелери 47 млрд 481,5 млн сомду түздү.
Анын ичинен республикалык бюджеттин кирешелери – 41 млрд 536,9 млн сомду (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын жана МИП гранттарын эсепке алганда), жергиликтүү бюджеттердин кирешелери – 6 млрд 668 млн сомду түздү.