Каржы министрликтин алдын-ала берген болжолдуу маалыматына ылайык, октябрь айында республикалык бюджет 12 млрд.241.6 млн. сомду түзүшү мүмкүн.
Кирешенин бир бөлүгү – салык эсебинен түшөт, т.а. 11.6 млрд. сом, салыктык эмес кирешелерден – 640.9 млн. сом түшөт. Муну менен катар республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы – 11 млрд. 165.7 млн. сомду түзөөрү маалымдалды.