Өзбекстан Volkswagen маркасындагы машиналарды чыгарып баштайт

29.05.2019, 15:58 Акчабар
Өзбекстан Volkswagen  маркасындагы машиналарды чыгарып баштайт

Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгара баштайт. 28-майда Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бир катар келишимдерге кол коюшту.

Мындан тышкары тараптар маалымат коосуздугун сактоо, уулуу газдардын абага тарашын төмөндөтүү келишимдерин түзүштү. Өзбекстан Илимдер академиясы менен Германиянын «Integra GmbH» жана «Vamed Engineering GmbH» компаниялары Ташкентте өзөктүк медицина жана нур терапиясын түзүү боюнча макулдашты.

29-майда Германия президенти жубайы менен бирге Ургенч мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп, Хиванын тарыхый жайларын кыдырышат.

Эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 2018-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.

Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий сапар менен Өзбекстанга 27-майда келген.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу