Ыйык Валентин же сүйүү күнүн белгилөөгө канча каражат керектелет?

13.02.2020, 13:20 Акчабар
Ыйык Валентин же сүйүү күнүн белгилөөгө канча каражат керектелет?

14-февралда дүйнө жүзү сүйүшкөндөр майрамын - Ыйык Валентин күнүн белгилейт. Тарыхка кайрылсак, аталган майрам 16 - кылымдан бери белгиленип келет, бирок сүйүү майрамдары ага чейин да болгон. Мисалы, орто кылымдарда римдиктер февраль айынын ортосунда Юнонага арналган  фестивалды өткөрүшкөн.

Сүйүшкөндөр күнү эң романтикалуу менен бирге эң чыгымдуу майрамдардын бири болуп саналат. Мисалы, акыркы сурамжылоолорго таянсак, АКШда быйыл 14 - февралга карата сүйүшкөндөр  27,4 млрд долларга жакын каражат коротоору белгилүү болгон.

Кыргызстанда аталган майрам негизиен жаштар арасында белгиленип келет. «Акчабар»  Ыйык Валентин күнүнө кандай белектер эң көп берилет жана ага орточо эсеп менен канча каражат сарпталарын териштирип көрдү. Баалар Бишкек шаарынын дүкөндөрүнүн жана онлайн дүкөндөрүнөн алынды.

Гүл + жумшак оюнчук + таттуу момпосуй

Сүйүшкөндөр күнүнө эң көп берилүүчү белектердин ичинен биринчи орунду гүлдөр ээлейт. Статистикага кайрылсак, дүйнө жүзү боюнча 14-февраль күнү гүл саткан дүкөндөрдө  сатып алуучулардын саны 5 эсеге жогорулайт. Мисалы,  ошол эле Америкада бул күнү орточо эсеп менен 184 млн даана роза сатылат.

Борбор калаанын гүл саткан дүкөндөрүндө бир букет гүлдүн орточо баасы 500 сомдон башталат. Ал эми розалар гүлдүн түрүнө, өндүргөн өлкөсүнө (негизиенен Голландия жана Кения) жана көлөмүнө жараша 5000 сомго чейин жетиши мүмкүн.  Азыркы учурда айымдарга 101 же 51 даана роза гүлүн белекке берүү модага айланууда. Аталган букетти 4 950 сомго белекке жумшак оюнчук кошумчасы менен алууга болот.

Жумшак оюнчуктардын өзүнчө баасы көлөмүнө жараша болот. Мисалы, 212 сантиметрлик чоң жумшак аюлардын баасы 15 миң сомду түзөт, ал эми эң минималдуу баа 1000 сомдон жогору.

Ошондой эде көпчүлүк учурда жогорудагы эки белектин үсүнө кошумча таттуу момпосуйлар берилет. Алардын арасынан эң популярдуусу - Rafaello момпосуйлары. Аны дүкөндөрдөн орточо эсеп менен 250 сомго алууга болот.

Парфюмерия

Белектин аталган түрүн атырдын түрүнө жараша 2500 сомдон 16 500 сомго чейин сатып алууга болот.

Зергер жасалгалары

Сүйүү күнүнө берилүүчү эң популярдуу белектердин үчтүгүн зергер жасалгалары жыйынтыктайт. Негизинен бул майрамда сүйүшкөндөр бири-бирине окшош шакектерди, экиге бөлүнүүчү бир кулондорду жана сааттарды беришет. Борбордогу дүкөндөр жаштар үчүн бул багыттагы жасалгалардын көптөгөн түрлөрүн сунуш кылышат, мисалы, кыз - жигиттин аттары түшүрүлгөн сааттарды 2500 сомдон жогору баага алууга болот. Андан сырткары, кыздардын аттары жазылган моюнга тагуучу чынжырчаларды 1500 сомго сатып алуу мүмкүн.

Оригиналдуулук

Жогорудагы баналдуу белектерден сырткары жаштар арасында оригиналдуу нерселерди берүү дагы популярдуу. Мисалы, эки жаштын сүрөттөрү түшүрүлгөн жаздыктар, кол чатырлар же майда сүрөттөрдөн куралган чоң сүрөт, жуптар үчүн киймдер жана башка. Аталган белектерди 1000 сомдон жогору баага атайын буйрутма аркылуу жасатууга болот.

Кино

Ошондой эле бул күнү кинотеатрларга баруу салт болуп саналат. Дээрлик бардык тасма мекемелеринде сүйүшкөндөр күнүндө романтикалуу драмалар, комедиялар жана мелодрамалар көп коюлат. Бир сеанска болгон орточо баа 500 сомдун тегерегин түзөт.

Тамактануу

Эксперттердин айтымында, 14-февралда коомдук тамактануучу жайларга баруунун ордуна колго тамак жасап, үйдөн романтикалуу кеч уюштуруу жакшы болот. Жүрөк формасындагы таттуу токточторду даярдап, бөлмөнү шамдар менен кооздоп, чогуу тасма көрүү эки жаштын ортосундагы мамилелерди дагы бекемдебестен, чыгымдарды дагы азайтат.

Ал эми эгерде сиз ресторан же кафеге барууну чечсеңиз, бир кечте орточо эсеп менен 5000 сом коротосуз.

 

 

Тэги: 14 февраля День всех влюбленных затраты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу