Акимдер байкоочу гана болушуп иштебей калышты

21.06.2019, 09:15 Акчабар
Акимдер байкоочу гана болушуп иштебей калышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын жетекчилиги менен онлайн режиминде селектордук кеңешмелерди өткөрдү.

Жумушчу кеңешмелердин алкагында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер жана аймактарды өнүктүрүү маселелери тууралуу маалымдашты. Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууну, калктын социалдык маселелерин чечүүнү талдоого негизги басым жасалды.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, калктын социалдык маселелерин чечүү үчүн биринчи кезекте аймактарды туруктуу өнүктүрүп, жаңы ишканаларды ачып, жаңы жумуш орундарын түзүү керек. Ал жергиликтүү бийликтен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган чаралар комплексин толук көлөмдө ишке ашырууну талап кылды.

«Аймактарды өнүктүрүүнүн оңдуу тенденциялары менен катар жергиликтүү бийлик башчыларынын өзгөчө көңүл  буруусун талап кылган терс факторлор бар. Бул алды менен өнөр жай көрсөткүчтөрү, аймактардын экономикасына инвестицияларды тартуу, токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык түзүмдөрү бул багыттардагы иштерди активдештирүүлөрү зарыл. Райондордун акимдери байкоочу катары турбашы керек. Алар өздөрүнө ишенип берилген аймактарды өнүктүрүү жана жакшыландыруу үчүн жеке жоопкерчиликти тартышат», – деп баса белгиледи ал.

Селектордук кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууну камсыз кылуу иштерин активдештирүү, 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу сунуштарын киргизүү тапшырылды.

Тэги: регионы правительство экономика Замирбек Аскаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу