Үч-Коргон ГЭСин жаңылоого АӨБ $100 млн каржы бөлөт

29.03.2019, 11:00 Акчабар
Үч-Коргон ГЭСин жаңылоого АӨБ $100 млн каржы бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) $100 млн каражатты Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо, эскирген тетиктерин алмаштырып, кубаттуулугун көбөйтүү үчүн финансы пакетине макулдук берди. Бул Нарын каскадында жайгашкан Кыргызстандагы алты ГЭСтин ичинен эң эскиси 

АӨБ жардамы анын ичинде $60 млн насыя жана $40 млн Азия өнүктүрүү фондунан грант болуп берилет. Бул каражаттар өлкөнү өз энергиясы менен камсыздоо менен ГЭСтин кубаттулугун артырып, Борбордук Азия мамлекеттерине экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган.  АӨБ  мындан тышкары Европа өнүктүрүү банкы тарабынан бул долбоорго бөлүнгөн  $45 млн каражатты дагы көзөмөлдөйт. 

«Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо өкмөттүн стратегиялык планына ылайык, эскирген электростанцияларды жаңылоо менен анын кубаттуулугун артырууга, таза энергия иштеп чыгууга шайкеш –  деп билдирди АӨБ энергетика боюнча башкы адиси  Сохаил Хасни мырза. – Кыргыз Республикасы  саатына  150 терраватт-таза электроэнергия иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, азыр болгону  бул көлөмдүн  10% иштеп чыгат. Биздин эсеп боюнча, Үч-Коргон  ГЭС и жаңыртылса, анда электр энергиясын өндүрүү 20% көбөйөт».

Кыргызстан Борбордук Азиядагы экологиялык таза электр энергиясын өндүргөн анын ичинде  региондо 90% гидроэлектроэнергия өнүрүүчү болуп саналат. 1995-жылы республика  жылына 2 миң гигаватт-электр энергиясын Казахстан, Өзбекстан менен Таджикстанга экспорттоп келген. Бирок, андан  бери  экспортун көлөмү жарымына чейин төмөндөгөн.  Келечекте КР электроэнергиясын экспортто өсөт. Анткени, өлкөдө  келечекте электр энергиясы көп өндүрүлөт. Долларга экспорттолгон электро энергия энергия тармактын абалын жакшыртып, Казахстан менен Өзбекстанга кыш мезгилинде энергия сатуу  кетирилген чыгашаларды компенцасиялайт. 

Үч-Коргон ГЭСи Бишкек шаарынан 217 чакырым алыстыкта жайгашкан. 1962-жылдан тартып электр энергиясын өндүрүп баштаган алгачкы ГЭС. Ал башында эсептелинген кубаттуулугун күчөтүп олтуруп, бир нече жолу жакшыртылган. Эскирген тетиктерди алмаштыруу, жаңылоо Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугун гана артырбастан, Нарын каскадындагы гидроэлектростанциялар түйүнүн бүтүндүгүн дагы сактайт. Кыргызстанда алты гидроэлектростанциялары республикадагы 92% өндүрүлгөн электр энергиясын иштеп чыгышат. 

Долбоордогу жаңылоо Үч-Коргон ГЭСинин төрт энергоблогун калыбына келтирип, 180 МВт кубаттуулугу, 216 мегаватт (МВт) жетиши күтүлүүдо.  

АӨБ мындан тышкары «Электр станциялар» ААК аркылуу 10-инженер аялды ишке алуу менен буга чейин жүктөлгөн  милдеттерин ишке ашырышат. 

АӨР Азия-тынч океан аймагында гүлдөп өнүккөн, инклюзивдүү, турмушта туруктуу  ушул эле убакта жакырчылыкты жоюудан талбаган максаттарын ишке ашырган уюм. АӨР 1966-жылы негизделип, ага 68 мамлекет мүчө болуп, анын ичинде 49 бул аймакта жайгашкан. 2018-жылы АӨР жаңы кредиттер менен гранттарды бекитип, анын суммасы  $32.2 млрд, анын ичинде биргелешип каржылоонун суммасы $21.6 млрд.

Тэги: Уч-Курганская ГЭС модернизация АБР инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу