АӨБ «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбооруна 100 млн доллар бөлөт

26.12.2019, 13:50 Акчабар
АӨБ «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбооруна 100 млн доллар бөлөт

ЖК Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда («Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо»долбоору) насыялык жана гранттык макулдашуулардын долбоорлору боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт билдиргендей, Азия өнүктүрүү банкы «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууга 100 млн доллар көлөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде жеңилдетилген насыя – 60 млн доллар, гранттык каражат – 40 млн доллар. Насыя 1, 5 үстөк пайызы менен 32 жылдык мөөнөткө берилет.

Ал эми долбоорду 45 млн доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоо керектөөсүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарын тартуу жолу менен камсыздоо пландалууда. КР Өкмөтү тарабынан долбоордун алкагында тыштан келе турган жабдууларды жана кызматтарды салыктардан жана жыйымдардан бошотуу түрүндө 15 млн доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоо болжолдонууда. Ошентип, долбоордун жалпы наркы – 160 млн доллар.

Өнөр жай жана энергетика комитетинин өкүлү бул каражатка Үч-Коргон ГЭС толугу менен кайра курулуп, 35-40 жыл аралыгында 216 МВт көлөмүндө электр энергиясын өндүрө алат. «Бул каражат мурда Токтогул ГЭСин реконструкциялоого алынган насыядан үнөмдөлүп калган. Азыр ал Үч-Коргон ГЭСин оңдоого жумшалууда. Ошондон улам, ал каражат «Электр станциялары» компаниясына ренасыяланууда», - Айтмамат Кадырбаев.

Белгилей кетсек, Үч-Коргон ГЭСи – Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын алгачкысы – 1961-жылы пайдаланууга берилген. Анын кубаттуулугу – 180 МВт. Электр энергиясын орточо жылдык иштеп чыгаруусу – 1 млрд 20 млн кВт/саат. Өткөн 57 жылда негизги курулмалар менен жабдуулар толугу менен эскирди. Ошондон улам, ГЭС модернизациялоого муктаж. Анын алкагында негизги курулмаларды калыбына келтирүү, гидромеханикалык жана электротехникалык жабдууларды, ошондой эле көмөкчү жабдуулардын бөлүгүн  калыбына келтирүү зарыл.

Өнөр жай жана энергетика комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев менен Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров Токтогул ГЭСин реконструкциялоого алынган насыя каражаттын ашып калуу себептерин дагы дыкат иликтеп чыгып, депутаттарга жазуу жүзүндө толук жооп берүүгө убада беришти.

Андан тышкары, Үч-Коргон ГЭСи оңдолсо, 2013-жылдан тарта трансулуттук “CASA-1000” долбооруна жылына 1,5 млрд кВт/саат эектр кубатын берип турууга мүмкүнчүлүк түзүлө турганы белгилүү болду.

 

 

Тэги: АБР Уч-Курганская ГЭС модернизация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу