Кыргызстанда бизнес жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шартарды түзүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш ишкерлер (ЖИА бизнес-ассоциациясы) менен жолугушуу маалында билдирди.
«Бизнес мамлекетке таасир этет: канчалык ишкерлик өнүксө, ошончолук өлкө өнүгөт. Биз товарлардын эсебин алуу канчалык маанилүу жана ага коррупция кандай таасир этерин жакшы билебиз» — деп билдирди өкмөт башчы.
Өкмөт легалдуу бизнести колдойт деп кошумчалады ал.
«Мен сиздер менен диалог кылууга келдим. Анткени, күнүмдүк жашоодо сиздер кандай проблемалар менен кезигишип жатасыздар ачык айтыңыздар. Мен кооз сүйлөш үчун эмес, жөн гана иштөөгө кызыкдармын» — деп белгиледи Абылгазиев.
Анын айтымында учурда Кыргызстандын эклномикасынын 24% бизнеси көмүскөдө жүргөнүн маалымдады.
Ошондой эле, ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик сатып алууларда биринчи кезекте жергиликтүү товарларга артыкчылык берилерин эске салды.