«Айыл-чарбаны каржылоо-8» долбоорунун алкагында 2020 жылдын 3 июлуна карата айыл товар чыгаруучуларына коммерциялык банктар аркылуу 7 459 льготалык насылар берилген, бул тууралуу Каржы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу мамлекеттик агенттигинин маалыматтарында айтылат.
Берилген льготалык насыялардын жалпы суммасы 3 млрд 765 млн сомду түзгөн.
Алардын ичинен:
-өсүмдүк өстүрүүгө – 1 173 льготалык насыя берилип, алардын суммасы 388.3 млн сомду түзгөн;
-мал чарбачылыкка – 6 124 льготалык насыя берилип, суммасы 2 млрд 435.8 млн сомду түзгөн;
-кластерге – 81 льготалык насыя берилип, суммасы млн сомду түзгөн;
-кайра иштетүүгө – 70 льготалык насыя берилип, суммасы 391.9 млн сомду түзгөн;
- тегирмендерге – 11 льготалык насыя берилип, суммасы 363.8 млн сомду түзгөн.