Адал суусундукка Кыргызстанда суроо-талап жогору — Адиля Темирканова

22.11.2023, 17:00 Акчабар
Адал суусундукка Кыргызстанда суроо-талап жогору — Адиля Темирканова

Адиля Темирканова алты жыл социолог болуп иштеген соң жеке ишкерлик менен алектене баштаган. Учурда ал Кыргызстанга Татарстандан алкоголсуз “Эмиз” суусундугун ташыйт. Бул суусундуктун жыты, түсү жана даамы шарапка (вино) окшош. Бирок, бул шарап эмес. Халал сертификаты бар. “Акчабар” аталган өнүмдүн өзгөчөлүгүн билүү үчүн Адиля Темирканова менен баарлашты. 

Айтсаңыз, бул иш менен кантип алектенип калдыңыз? 

Мен орусиялык диний ишмер, имам Шамиль Аляутдиновдун (ред. Москва мемориалдык мечитинин имам-хатиби) алкоголсуз “Эмиз” суусундугун өндүрүү процессин түшүндүрүп берген интервьюсун көрүп калдым. Менде да кызыгуу пайда болду. Анын өндүрүүчүсү менен сүйлөштүм. Сүйлөшүүдөн кийин Татарстандан жөнөтүп башташты. Ошентип, Кыргызстанга жеткирип калдым. Жүзүмдөр Крымда өстүрүлөт. Эки заводдон өндүрүлөт. Мен ишкананын Кыргызстандагы расмий өкүлүмүн. 

Жүзүм ачытылбаса, эмненин негизинде даамын, түсүн жана жытын сактап калат?  

“Эмиз” суусундугу 70 градуска чейин кайнатылат. Кайнатылып жатканда бардык пайдалуу азыктары сакталат. Биздин өнүм алкоголсуз болгондуктан, ачытылбайт. Капкагын ачкандан кийин сөзсүз түрдө муздаткычта сактоо керек. Эгер сыртта туруп калса, ачып башташы мүмкүн. Узак убакыт сактоо үчүн муздаткычта сактоо керек. Ал эми ачканга чейин каалаган жерде сактоого болот.

Суусундукту жасоодо жүзүмдүн кандай түрү колдонулат? Дегеле, даярдоо процесси кандай жүрөт? 

Суусундукту даярдоодо жүзүмдүн техникалык, кара түстөгү каберне-совиньон, саперави жана мерло түрлөрү колдонулат. Бир бөтөлкө суусундукту жасоого 2-3 кг жүзүм кетет. Жүзүмдүн курамында полифенол бар. Жүзүмдүн уругу, териси жана сөңгөгү күчтүү антиоксиданттар болуп саналат. Башкача айтканда, бул өнүмдүн курамында карылыкты кечеңдетип, организмдеги зыяндуу токсиндерди сыртка чыгара турган, биздин кан айлануу системабызды калыбына келтире турган заттар бар. Ошондой эле, организмди жашартат, иммунитетти көтөрөт жана тамырлардын ийкемдүүлүгүнө пайдалуу. 

Жүзүмдүн уруктары кургатылып жана майдаланат. Андан кийин майдаланган уруктар экстракторго салынып, суу куюлат. Экстракция чийки затты тынымсыз аралаштыруу менен жүргүзүлөт. Алынган суюк экстракт тундурулуп, чыпкаланып, концентратталат. 

Кыргызстанда бул өнүмгө суроо-талап кандай? 

Биз учурда өнүмдү экологиялык таза продукцияларды саткан дүкөндөргө жана алкоголдон баш тарткан кафе, ресторандарга жеткирүүдөбүз. Биздин өлкөдө калктын 90% мусулман болгондуктан суроо талап бар. Алдыдагы планым өлкөнүн бардык аймагына жеткирүү. 

Продукциянын шариатка ылайык сертификаты барбы?

Албетте, биздин халал сертификатыбыз бар. Өнүм атайын Орусиядагы лабораториядан өтүп келет. Мындан тышкары, ЕАЭБ декларациясы боюнча бардык документибиз бар. Продукция бардык талаптарга жооп берет, шариат мыйзамына ылайык өндүрүлөт. Суусундук адал болгондуктан, мусулмандар, ошол эле учурда башка динди тутунгандар, кош бойлуулар жана балдар да ичсе болот. 

 

Тэги: Халал алкоголсуз суусундук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу