Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2-3-майда Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынына жана Ташкентте өтүүчү үчүнчү эл аралык инвестициялык форумга катышат.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстан өкмөтүнүн өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар жана энергетика жана курулуш тармагында иш алып барган эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр пландалууда.