Июль айында Кыргызстандын президенттик аппаратынын чыгымдарына республикалык бюджетте 31 миллион 663,5 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу ушул айдын кассалык планында көрсөтүлгөн.
Июнь айына салыштырмалуу план 1,8 эсеге аз.
Ошол эле учурда президенттик аппараттын жалпы чыгашасы июнь айындагы 133 миллион 316 миң сомдун ордуна 125 миллион 339,7 миң сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, аппараттын чыгымдарын кыскартуунун фонунда президенттин фонду 8 эсеге, июнь айында 2,5 миллион сомдон июль айында 20 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн.