“Аэрофлот” Кыргызстанга каттамдарын жандантты

14.03.2022, 14:19 Акчабар
“Аэрофлот” Кыргызстанга каттамдарын жандантты

Бүгүн, 14-марттан тарта Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарын жандантты. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каттамдар токтотулгандан кийинки Москва (Шереметьево) – Бишкек багыты боюнча биринчи каттам “Манас” аэропортуна 14-мартта саат 16:10до келери пландалууда.

Белгилей кетсек, “Аэрофлот” 8-марттан тартып чет өлкөгө,анын ичинде Кыргызстанга да учкан бардык каттамдарынын убактылуу токтоткон. Бирок кыргызстандык “Эйр Манас” компаниясы гана рейс жасап жаткан.

Ал эми Жогорку Кеңештин пленардык жыйында депутат Адахан Мадумаров Россияга авиабилеттин баасы 40 миң сомго чыкканын, ал эми жүк 200дү алып келүү 150 миң сомго жеткенин билдирип, чукул чара көрүү керектигин айткан. Бирок транспорт жана коммункикациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев Россия тарап менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирип, кийинки жумадан баштап россиялык компаниялар аба каттамын жандандырарын билдирген. Комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков мындай оор кырдаалда билеттин баасын кымбаттатпай, туруктуу кармоо  боюнча авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө өтүнүч келтирген. “Авиатраффик” авиакомпаниясынын башкы директорунун орун басары Георгий Еременко доллар менен евронун курсуна жараша баалар өскөнүн айткан болчу.

Тэги: Манас аэропрту Аэрофлот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу