Учурда “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту Орусиянын жети шаарына чартердик рейстерди тейлейт. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча, чартердик рейстер Москва, Санкт-Петербург, Минеральные Воды, Ростов-на-Дону, Уфа, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына жүргүзүлөт.
Москва:
“Урал” аба жолдору Москва - Тамчы - Москва каттамы боюнча жумасына бир жолу (дүйшөмбү күнү) учат.
Ошондой эле “Сибирь” авиакомпаниясы Москва - Тамчы - Москва каттамы боюнча жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) учуп турат.
Санкт-Петербург:
Санкт-Петербург - Тамчы - Санкт-Петербург каттамы боюнча учууну жумасына бир жолу (дүйшөмбүдөн шейшембиге чейин) Nordwind Airlines авиакомпаниясы жүргүзөт.
Минеральные воды:
Минеральные Воды - Тамчы - Минеральные Воды маршруту боюнча учууну “Урал” аба жолдору жумасына бир жолу (шейшемби күндөрү) жүргүзөт.
Ростов-на-Дону:
“Урал” аба жолдору Ростов-на-Дону - Тамчы - Ростов-на-Дону каттамы боюнча жумасына бир жолу (жума күндөрү) учуп турат.
Уфа:
Уфа - Тамчы - Уфа каттамы жумасына бир жолу (жума күндөрү) “Урал” авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.
Екатеринбург:
Екатеринбург - Тамчы - Екатеринбург маршруту боюнча учууну “Урал” аба жолдору жумасына бир жолу (ишемби күндөрү) жүргүзөт.
Новосибирск:
Новосибирск - Тамчы - Новосибирск каттамы боюнча учууну жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) “Сибирь” авиакомпаниясы жүргүзөт.