«Манас» аба майданы Covid-19га байланыштуу көзөмөлдү күчөтөт

16.04.2021, 16:00 Акчабар
«Манас» аба майданы Covid-19га байланыштуу көзөмөлдү күчөтөт

"Манас" эл аралык аэропорту өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу чектөөлөрдү киргизүүдө. Бул тууралуу аба майдандын расмий сайтында маалымдалды.

[жаңылыктар 34091]

Ошентип, 17-апрелден баштап аэропорттун аймагында COVID-19 инфекциясын жана жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын комплекси күчөтүлөт. Тактап айтканда:

  • түн ортосунан таңкы жетиге чейин, эл аралык "Манас" аэропортунун аэровокзал комплекстерине уруксаты жок адамдардын, анын ичинде узатуу жана тосуп алуучулардын кирүүсү чектелет. Аэропорттун жүргүнчүлөрүн аэровокзалдын комплекстерине кирүү авиабилетинин болушу шартында катуу кармалат;

  • адистердин термометриялык көзөмөлдү жүргүзүү жана учуп келген жана келүүчү аба жүргүнчүлөрүнүн дене температурасын өлчөөсү күчөйт;

  • аэропорттун жүргүнчүлөрүн тосуп алгандар жана аларды узаткандар үчүн ыңгайлуу болуш үчүн, аэропорттун комплексинин жанына отургучтар орнотулат.

Мындан тышкары, каттоочу жайларда учуу алдындагы коопсуздукту текшерүү учурунда 1,5 метр социалдык аралыкты сактоо зарыл.

Тэги: экономика Аэропорт «Манас» защита от эпидемии пандемия коронавируса борьба с COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу