«Манас» аэропорту уставдык капиталын 11,7 млрд сомго чейин көбөйтөт

04.05.2023, 08:56 Акчабар
«Манас» аэропорту уставдык капиталын 11,7 млрд сомго чейин көбөйтөт

“Манас” эл аралык аэропортунун акционерлери 25-апрелде өткөн жылдык жалпы чогулушунда уставдык капиталдын көлөмүн көбөйтүү жана компанияны кайра каттоо чечимин кабыл алышты.

Чечим уставдык капиталга кирген негизги каражаттардын баланстык наркынын жогорулашына байланыштуу кабыл алынды.

“Уставдык капиталдын өлчөмүн 11 млрд. 747 млн. ​​661,7 миң сомго чейин көбөйтүү керек. Бир жөнөкөй акциянын жаңы номиналдык наркы 421,5308449 сом өлчөмүндө көбөйтүлсүн жана бекитилсин. Акциялардын саны өзгөртүлбөсүн деген чечим чыгарылды”, - деп билдирди Кыргыз фондулук биржасы аэропортко шилтеме жасап. 

Мындан тышкары, акционерлер “МАМ” эл аралык аэропортунун Ысык-Көлдө “Каракол” филиалын түзүүнү жактырышты. 

Тэги: новости Кыргызстана Аэропорт «Манас» уставной капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу