Klein Vision компаниясынын AirCar унаасы Словакиянын Нитра жана Братислава шаарларынын ортосунда ийгиликтүү учуп өттү. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
Унаа эки мүнөттө учакка айланып, 170 км/саат ылдамдыкта 1000 чакырым учуп өтүүгө жөндөмдүү.
AirCarды иштеп чыгууга болжол менен эки миллион евро сарпталган. Klein Vision АКШ рыногун багындырууну ниеттенүүдө.