Айтмамат Назаров «Гидроэнергетика Каспий жана Борбор Азия 2020» көргөзмөсүнө катышты

19.02.2020, 13:00 Акчабар
Айтмамат Назаров «Гидроэнергетика Каспий жана Борбор Азия 2020» көргөзмөсүнө катышты

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров жыл сайын өтө  турчу эл аралык «Гидроэнергетика Каспий жана Борбор Азия 2020» конгрессинде жана көргөзмөсүндө катышты.

Өз сөзүндө ал уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, өлкөдө мындай кеңири масштабдуу иш-чаранын уюштурулганы мамлекеттин энергетикасын региондогу жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Заманбап дүйнөдө энергетикалык тармактын ролу күндөн-күнгө өсүүдө. XXI-кылымда өзгөчө өнөр жай өндүрүшү өсүп, санариптештирүү жүргүзүлүп, уюлдук байланыш, интернет өнүгүп жатат. Мунун баарына электрэнергиясыз жетишүү кыйын. Ошондуктан ар бир өлкөдө энергетика өзгөчө орунду ээлейт»,-деди ал. Ошондой эле Назаров энергетика өлкөнүн экономикасынын негизин жана потенциалын түзгөн стратегиялык тармак экендигин баса белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун негизги фактору- энерготутумдун туруктуу иштөөсү жана жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугу. Өлкөдө энергооъекттерди реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча бир катар долбоорлорду реализациялоо жана жаңы электрстанцияларын курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат»,-деди Улуттук энергохолдингдин жетекчиси.

Анын айтымында, масштабдуу жана амбициялуу долбоорлорду эксперттик диалогсуз жана чогулган билимдерди бириктирмейин ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Айтмамат Назаров форум конструктивдүү жана ишкердик абалда өтүп, чечимдер практика жүзүндө аткарылышына мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө үмүттөнөрүн бидирди.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу