Айыл чарба товарларынын аткезчилигине көзөмөл күчөтүлөт

04.04.2024, 13:40 Акчабар
Айыл чарба товарларынын аткезчилигине көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда айыл чарба товарларынын аткезчилигине каршы күрөш күчөтүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн айыл чарба товарларынын жана жасалма продукциялардын аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча кеңешмеде айтылды.

Ведомстводон билдиришкендей, ага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Анда маселенин масштабы, аны чечүү жолдору, ошондой эле аткезчилик жана контрафакттык товарлар менен күрөшүү боюнча жалпы чараларды иштеп чыгуу талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын, бизнестин жана агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын өкүлдөрү кирди. Жумушчу топко аткезчилик жана жасалма (контрафакттык) продукцияла менен күрөшүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.

Министрлик ошондой эле ведомстволук бөлүмдөргө бир катар тапшырмаларды берди:

  • аткезчилик фактыларын азайтуу үчүн толук чараларды көрүү;
  • жасалма (контрафактык) жана мөөнөтү өтүп кеткен товарларды аныктоо;

"Министрлик башка кызыктар тараптар менен биргеликте азык-түлүк товарларынын аткезчилигин жана контрафактынын олуттуу төмөндөшүнө жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Аткезчилик айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу