«Айыл чарбасын каржылоо - 12»: 400 млн сомго жакын насыя берилди

04.04.2024, 15:21 Акчабар
«Айыл чарбасын каржылоо - 12»: 400 млн сомго жакын насыя берилди

Жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо - 12" долбоорунун алкагында 312 млн 958 миң сомго 741 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 26 млн 390 миң сомго 81 насыя берилди, анын ичинен:

  • "Айыл Банк" ААК, 7160,0 миң сомго 22 насыя;
  • "РСК Банк" ААК, 19230,0 миң сомго 59 насыя берилди. 

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 286 млн 568 миң сомго 660 насыя берилди, анын иченен:

  • "Айыл Банк" ААК,113 млн 838 миң сомго 264 насыя;
  • "РСК Банк" ААК, 172 млн 730 миң сомго 396 насыя.

Жалпысынан 2 категория боюнча 312 млн 958 миң сомго 741 насыя берилди.

  • "Айыл Банк" ААК 120 млн 998 миң сомго 286 насыя;
  • "РСК Банк" ААК 191 млн 960 миң сомго 455 насыя.

Тэги: айыл чарба жеңилдетитилген насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу