“Ак-Босого” жаңы конушунда 140 орундуу бала бакча курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тендер Бишкек шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланды. Куруу иштерине 111 млн. 977 миң 801 сом сарптоо пландалууда.
Белгиленгендей, имарат бир кабаттуу болот. Ал алты топко чакталган.