Премьер-министр чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, аны реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
«Премьер-министр Кыргызстанды Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги көзөмөл-өткөрмө жайларын модернизациялоо жана реконструкциялоо экспортко чыгуучу ата мекендик ишканаларды колдоого жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи», - деп жазылат маалыматта.
«Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иши 2020-жылдын март айында башталган. Жаңылоо иштерин 2020-жылдын декабрь айында аяктоо пландалды. Модернизациялоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Буга чейин «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамга жана 800-1000 унаа каражаттарына чейин болчу. Модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөт.