“Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда коррупциялык схема аныкталды

26.02.2022, 10:01 Акчабар
“Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда коррупциялык схема аныкталды

Мамлекеттик салык кызматындагы жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигиндеги коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти

Салык кызматынын көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан салмак-габариттик контролдоонун ишинде коррупциялык схема аныкталды. Кээ бир учурларда ташылып келинген жүктөрдү каттоодо товарлардын наркы жана көлөмү төмөндөтүлүп көрсөтүлгөндүгү такталды.

"Салык кызматынын жооптуу кызматкерлери ар бир жүк ташуучу унаадан ташылып келген товарга 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин акча талап кылып турушкан. Өз кезегинде салмак-габариттик көзөмөл пунктунун кызматкерлери импорттолгон товарлардын түрүнө карабастан, ашыкча жүктөмдөрдү текшербестен, жүк ташуучу бир унаадан 1000-2000 сомдон акча талап кылышкан. Ал эми 25-февралда акча каражатынын 13 миң сом жана 12 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алууда салмак-габариттик контролдоо пунктунун эки кызматкери жана ошондой эле 5 миң 500 сом алып жаткан жеринен салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери кармалды", - деп айтылат билдирүүдө. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилиши. Учурда тергөө уланууда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу