“Акчабар” MedExpo Кыргызстандын расмий медиа өнөктөшү болот

23.03.2022, 11:13 Акчабар
“Акчабар” MedExpo Кыргызстандын расмий медиа өнөктөшү болот

“Акчабар” финансы порталы апрель айынын башында Бишкекте өтө турган MedExpo Kyrgyzstan 16чы эл аралык саламаттыкты сактоо көргөзмөсүнүн расмий медиа өнөктөшү болот.

MedExpo Kyrgyzstan – бул Кыргызстандагы медициналык жаңы техникалардын иштелмелерин, керектелүүчү заманбап материалдарды жана медициналык буюмдарды таанытуучу негизги аянтча болуп саналат.

MedExpo көргөзмөсү иштей баштагандан тарта медицина мекемелеринин кызматкерлери, илимпоздордун, жеткирүүчүлөрдүн, дилерлердин жана заманбап мединициналык жабдууларды, инструменттерди, дары-дармектерди жана медицинага багытталган продукцияларды жасагандардын ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн оптималдуу аянт болуп берүүдө. Ал өз кезегинде саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоо программасын ишке ашырууга жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга көмөктөшөт. 

Кошумчалай кетсек, иш-чара 4-6-апрель күндөрү Дене тарбия институтунун аймагындагы аянтта өтөт. Биргелешкен көргөзмө экспозициясына сегиз өлкөдөн 70тен ашык компания катышат. Алар Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан мамлекеттери. Андагы иш программада семинарлар, мастер-класстар, жаңы технологиялардын жана жабдуулардын презентациялары камтылган. Иш-чараны көргөзмөлөр менен иштөөчү BiExpo компаниясы уюштурууда.

Тэги: MedExpo Kyrgyzstan BiExpo

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу