Жыл башынан бери «Манас» аэропортунун акциялары 4,6%га арзандады

12.02.2022, 09:58 Акчабар
Жыл башынан бери «Манас» аэропортунун акциялары 4,6%га арзандады

Жыл башынан бери “Манас” эл аралык аэропортунун акциялары арзандап баратат. Мындай тыянактарды Кыргыз фондулук биржасында жарыялаган маалыматтардын негизинде чыгарууга болот.

Алсак, 11-февралда кыргыз фондулук биржасы системасындагы аукциондо өлкөнүн башкы аба портунун баалуу кагаздарынын 240 нускасын сатуу боюнча бир бүтүм түзүлдү. Бир акцияны сатуу баасы 830 сомду түздү, муну менен бүтүмдүн жалпы суммасы 199,2 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, 17-январдан тарта баалуу кагаздардын наркы 4,6%га, ал эми 2021-жылдын декабрынын ортосунан бери 12,63%га төмөндөгөн.

 Эске салсак, 2021-жыл «Манас эл аралык аэропорту» ААКсы үчүн ийгиликтүү жыл болду, анын акциялары жыл ичинде 163,9%га өскөн.

Тэги: ОАО МАМ Кыргызстан акции фондовый рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу