Бүгүн Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен төрт бүтүм катталды.
Экинчи соодада жалпысынан “Кыргызмунайгаздын” 5 миң 108 жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 265 сомду түзөт. Ошентип бүтүмдүн жалпы суммасы 1 млн 353 миң 620 сомду түздү.
Эске сала кетсек, бир күн мурун компаниянын 800 акциясы 212 миң сомго сатылган.