"Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАКтын (KICB) акционерлеринин чогулушу өттү. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, жыйында банктын директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү болуп Жылдызбек Исакулов шайланды.
Маалым болгондой, ал буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы, ошондой эле Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары жана өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалаган.