“Оптима Банк” 2016-жылдан бери биринчи жолу уставдык капиталын көбөйтөт. Бул маселе банктын 25-майда өтө турган акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында талкууланат.
Эске салсак, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын уставдык капиталы 1 млрд. 50 млн. сомду түзгөн. Анын өлчөмү жети жылдан бери өзгөргөн эмес. 2016-жылы 700 млн. сомду түзгөн.
Учурда “Оптима Банк” Улуттук банктын банктардын минималдуу уставдык капиталы 1 млрд. сом болушу керек деген талапка жооп берет.
Кошумчалай кетсек, жыйында акционерлер “Оптима Банк” ААКны мамлекеттик органдарда кайра каттоо маселесин да талкуулашат.