Акционерлер 1,1 млн сомго баалуу кагаздарды сатышты

26.10.2021, 09:15 Акчабар
Акционерлер 1,1 млн сомго баалуу кагаздарды сатышты

Өткөн аптада экинчилик рынок алсыз динамиканы көрсөтүп, компаниянын акциялары жана облигациялары менен болгон бүтүмдөрдүн көлөмү азайып, сооданын жалпы көлөмү болгону 1,1 миллион сомду түздү, деп жазды Kыргыз фондулук биржасы.

Стратегиялык компаниялардын акциялары менен, анын ичинде "Манас" эл аралык аэропорту" компаниясынын (300 миң сом) жана "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынын акциялары менен үч бүтүм жүргүзүлүп, эки баалуу кагаз тең өсүштү көрсөттү. "Манас" аэропортунун акцияларынын баасы 400 сомго (+40 сом), "Кыргызстан улуттук электр тармактарынын" акциялары 0,68 сомго чейин (+0,18 сом) чейин өстү.

Көлөмү боюнча "Айгүл" ААКнын 300 миң сом өлчөмүндөгү жөнөкөй акциялары менен бүтүмдөрдү жана "Кредиттик союздардын Финансылык компаниясы" ААКнын 300 миң сом өлчөмүндөгү жөнөкөй акциялары менен бүтүмдөрдү бөлүп көрсөтсө болот, акыркысы 0,89 сомго чейин төмөндөгөн (-0,05 сом).

Аз суммалар менен бүтүмдөр "Автомонтаждоочу завод" ААК, "Дос-Кредобанк" ААК, "Каракол КПД Проектсрой" ААК жана "Бишкеккурулуш" ААКнын акциялары менен катталган.

 

Тэги: акционеры фондовый рынок деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу