Мамлекеттик салык кызматы февраль айында акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоордун экинчи этабын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Долбоордун экинчи этабы алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча өткөрүлөт. Биринчи этапка ылайык, долбоор январь айынан баштап тамеки буюмдары боюнча жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Салык кызматы январь айынан тартып өлкөнүн аймагында милдеттүү же ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда, ал 2022-жылдын 1-июлуна чейин созулат.
Пилоттук долбоор Кыргызстанда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырылууда.
Долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштырууну киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтөт жана жөнөкөйлөтөт, милдеттүү маркалоого тийиштүү акциздик товарларды өндүрүү жана/же импорттоо менен алектенген субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Мындан тышкары, долбоордун жүрүшүндө алкоголдук жана тамеки продукцияларына же алардын таңгагына идентификациялоо каражаттарын колдонуу аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдери апробацияланат.