АКШ элчилиги медианы өнүктүрүү боюнча чакан гранттарды берет

02.05.2023, 14:33 Акчабар
АКШ элчилиги медианы өнүктүрүү боюнча чакан гранттарды берет

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Массалык маалымат каражаттары үчүн чакан гранттар программасын жарыялады. Бул тууралуу АКШ элчилигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул программа Кыргызстанда медианы өнүктүрүүгө багытталган. 

“Чакан гранттар сынактын негизинде коммерциялык эмес уюмдарга, медиа тармагындагы ассоциацияларга, көз карандысыз ММКларга ыйгарылат”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, чакан гранттарды берүүдө тиешелүү мамлекеттик жана жеке сектордогу институттар, салттуу жана социалдык медиа өнөктөштүктөрүн камтыган сунуштарга артыкчылык берилет. 

Арыздарды кабыл алуунун мөөнөтү 2023-жылдын 31-майында аяктайт. Кененирээк маалыматты элчиликтин сайтынан алууга болот. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу