АКШ кыргызстандыктар үчүн виза мөөнөтүн узартууну талкуулоодо

12.05.2023, 17:45 Акчабар
АКШ кыргызстандыктар үчүн виза мөөнөтүн узартууну талкуулоодо

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу бир күн мурун Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугуна барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде туристтик жана студенттик визалардын мөөнөтүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты. 

Ошондой эле, башкы консулдукта  америкалык дипломат менен АКШдагы кыргыз диаспорасынын жана бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын бири Кыргызстандын жарандары үчүн АКШда ишке орноштуруунун алгылыктуу формаларын өнүктүрүүгө багытталган презентациясын көрсөттү. 

Жолугушуу ачык, конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу