АКШ кыргызстандыктар үчүн визаны узартуунун үстүндө иштеп жатат

01.12.2023, 11:22 Акчабар
АКШ кыргызстандыктар үчүн визаны узартуунун үстүндө иштеп жатат

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы долбоорлордун үстүндө иштөө болду. Бактыбек Аманбаев сентябрда Нью-Йоркто Борбордук Азиянын жана АКШнын мамлекет башчыларынын С5+1 форматындагы саммитинин алкагында кабыл алынган декларациянын пункттарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштары менен бөлүштү.

Ошондой эле, ал Кыргызстандын жарандары үчүн туристтик визалардын мөөнөтүн 10 жылга чейин узартуу боюнча келишимди ишке ашырууну тездетүү өтүнүчү менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысына кайрылды. 

Жон Поммершайм өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкерлери азыр Кыргызстандын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуунун үстүндө иштеп жатканын билдирди.

 

 

Тэги: АКШ виза кыргызстандыктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу