АКШнын визасын алуудагы чектөөлөр тууралуу эң көп берилген суроолорго жооп

10.02.2020, 11:00 Акчабар
АКШнын визасын алуудагы чектөөлөр тууралуу эң көп берилген суроолорго жооп

АКШ бийлиги Кыргызстанды  виза алууда чектөөлөрдү киргизген мамлекеттердин катарына кошту. Тизмеге Кыргыз Республикасынан сырткары Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания кирген.

Эми КР жарандары иммиграциялык визиларды ала албайт жана аларды ойнотуучу Green Card лотореясына катыша албайт.  АКШнын Бишкектеги консулдук элчилигинин жетекчиси Алиса Биб Facebook социалдык тармагында колдонуучулардын суроолоруна жооп берген.

Алардын ичинен эң көп берилген 7 суроону бөлүүгө болот:

1. Виза алуудагы чектөөлөр кимдерге тийет?

  • Чектөөлөр АКШга биротоло көчүп кетип жаткандарга карата гана киргизилген. Алар туристтерге, студенттерге жана Америка менен иштешкен бизнесмендерге тийбейт.                                                                                                                                               
  • АКШнын Бишкектеги Элчилиги иммиграциялык эмес визаларды берүүнү  улантууда.
  • Эгерде сиз АКШга саякаттоого, иштегенге, окууга же алмашуу программасы менен бара турган болсоңуз, чектөөлөр сизге карата иштебейт.
  • ЕВ 2 жана ЕВ 5- иммиграциялык бизнес визалары. Алар дагы чектөөлөр жөнүндө жарлыгына киргизилген.
  1. Менин грин-картам бар, жаңы эрежелер АКШнын жарандыгын алууга тоскоолук болобу?

- Чектөөлөр грин-карталардын ээлерине тийбейт.

Иммиграциялык визаны 2020-жылдын февралына чейин алып, бирок АКШга мисалы, жазында кетүүнү пландап жаткандар сарсаана болбой эле койсо болот.

«Эгерде сиздин паспортуңузда күчүндө турган визаңыз болсо, АКШга эч кандай көйгөйсүз кете аласыз. Чектөөлөр 21-февралдан тарта күчүнө кирет»,-дейт Алиса Биб.

  1. Мен 2019-жылы грин-карта алуу үчүн анкета толтургам. Жыйынтыгы  2020-жылдын майында чыгат. Менде виза алууга мүмкүнчүлүк барбы?

2020-жылдын майында 2019-жылдын жыйынтыктары чыгат. Алардын арасында кыргызстандыктар да болушу мүмкүн. Октябрь же ноябрда жаңы ойнотулуш жарыяланат, анда, тилекке каршы, кыргызстандыктар катыша албайт.

  1. Эгерде АКШнын иммиграциялык кызматы F3 визасын алуу тууралуу өтүнүч катын жактырса, чектөөлөр визаны Кыргызстандын консулдугунан алууга тоскоодук болобу?

F3-бул визаны үй-бүлө менен кайта биригүү программасы аркылуу алуу. Мен жогоруда айткандай, бир катар өзгөчөлүктөр ар. Эгерде сиздин АКШда жашаган үй-бүлөңүз болсо, анда сиз визаны ала аласыз.

«Үй-бүлөсү АКШда жашаган арыз ээлери үчүн аларга артыкчылык берген бир катар учурлар бар»- Алиса Биб.

5. 10-февралда кызым А05 категориясы менен үй-бүлө менен кайта биригүү программасы боюнча аңгемелешүү өтөт. Жаңы мыйзам бизге тийши мүмкүнбү?

А05- бул өлкөгө качкындын статусу алдында кирүү укугу. Чектөөлөр аны алгандарга тийиштүү эмес.

 

Бөтөнчөлүк боло алган үч критерий бар:

  1. Визаны берүү АКШнын улуттук кызыкчылыктарына жооп берүүсү керек.
  2. Билдирүүчү АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратпайт.
  3. Виза берүүдөн баш тартуу билдирүүчү үчүн өтө чоң кыйынчылыктарды  алып келет.

6  Бир нече жылдан бери АКШда жшайм, грин-карта аркылуу келгем. Кыргызстанга барууну пландап жатам. АКШга кайра кетүүдө кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүнбү?

Грин-карта менен сиз дүйнө жүзү боюнча саякаттай аласыз. Чектөөлөр АКШнын аймагында узак убакыттан бери жашап жүргөндөргө тийбейт.

7 АКШ Кыргызстанга карата киргизген чектөөлөрүн кайра карап чыгуусу мүмкүнбү?

«Кыргызстан өз жарандарына биометрикалык паспортторун тезирээк берип баштаса дейбиз. Чектөөлөр алынышы үчүн канааттандырыла турган дагы бир нече критерий бар. Мындай чаралар киргизилип жаткан мамлекеттердин тизмеси алты ай сайын текшерилип турат»,-деп белгиледи Алиса Биб.

Ал ошондой эле жарандарды кызыктырган суроолорду элчиликтин сайтынан табууга болот деп кошумчалады.

 

 

 

 

Тэги: виза чектөө акш кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу