Бүгүн Кыргызстанда тогуз мектеп жана эки бала бакча ачылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептер Бишкек шаарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Ош облустарында жана Ош шаарында ачылды. Ал эми мектепке чейинки билим берген эки мекеме Каракол шаарында пайдаланууга берилди.
Кыргызстанда 2 миң 350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.