Жапаров Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия менен жолугушту

05.11.2021, 09:09 Акчабар
Жапаров Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия менен жолугушту. Жолугушууда Жапаров Кыргызстан бажы тармагында IT-технологияларды ишке киргизүү жана аны өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

"Учурда биз бажыда DATA-аналитиканы кошо алганда, IT-технологияларды активдүү киргизүүдөбүз. Муну эске алуу менен бизге натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөгө жөндөмдүү заманбап программалык камсыздоо зарыл. Бул абдан маанилүү, себеби, товарды бажылык тариздөө канчалык тез ишке ашырылса, товар буйрутма берүүчүгө ошончолук ыкчам жеткирилиет", - деп белгиледи ал.

Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия министрлер кабинети тарабынан бажы процедураларын санариптештирүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларды колдоого алды.

"Кыргыз Республикасы коюлган милдеттерди ишке ашыра алат деп ишенем. Ошол эле учурда бизнестин бажы кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү маселесине басым жасоо зарыл. Бардык тараптар тыгыз аракеттенүүдө иш алып баруусу тийиш", - деди Кунио Микурия.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар кыл мамлекеттердин бажы органдарынын бири-бири менен өз-ара аракеттешүүсү, экспорттун/импорттун эсепке алуу методологиясын унификациялоо, Кыргыз Республикасын Кытайды жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерин Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрү менен байланыштыруучу ири транзиттик хаб катары өнүктүрүү жаатындагы маселелер тутумун талкуулады.

Тэги: Акылбек Жапаров Всемирная таможенная организация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу