Мындан ары жарандар курулуш компанияларына түз акча төлөбөшү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек өтүп жаткан коррупцияга каршы координациялык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
“Бул акчаны банктарга депозитке салышсын. Ал эми алардын батири даяр болуп, курулуш компаниясы ачкычын жана кызыл китебин бергенден кийин акчаны ушул депозиттен которсо болот. Бул дүйнөлүк практика”, - деди Жапаров.
Ал белгилегендей, азыр курулуш компаниялары батирдин бардык акчасын бир кардардан, 20-30% башкалардан алып, жаңы курулуштарды башташат.
Өкмөт башчы Мамкурулушка курулуш компанияларына ревизия жүргүзүүнү тапшырды.