Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, КМШ өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйналыштарына катышуу үчүн Орусиянын Сочи шаарына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын катышуусу менен ишкер программанын бир катар башка иш-чараларына катышат.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы III Евразия конгрессинин пленардык жыйынында сөз сүйлөп, “Евразия – биздин үй” эл аралык көргөзмөсүнө катышат.
Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.