Акыркы кварталда McDonalds’s ишканасынын кирешеси 30 пайызга кыскарган

29.07.2020, 11:30 Акчабар
Акыркы кварталда McDonalds’s ишканасынын кирешеси 30 пайызга кыскарган

Америкалык McDonald’s корпорациясынын 2020-жылдын 30 июнунда аяктаган каржылык кварталындагы сатуу көлөмдөрү менен кирешеси бир топ кыскарган. Бул тууралуу ата-мекендик корпорациянын отчетуна таянып, ТАСС порталы кабарлады.

Документке ылайык, 30 июнга карата дүйнө жүзү боюнча McDonald’s тез тамактануу ресторандардын 96 пайызы  пандемиядан улам мажбурлуу жабылуудан кийин ишин жандандырган. АКШда аталган көрсөткүч 99 пайызды түзгөн.

«Дүйнө жүзү боюнча McDonald’s корпорациясынын сатуу көлөмдөрү былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга кыскарып, 3.77 млрд долларды түзгөн.  Маалыматта мурунку кварталда төмөндөө апрелге салыштырмалуу (минус 39 пайызды), майга салыштырмалуу (минус 29.9 пайызды), жана июнга салыштырмалуу (минус 12.3 пайызды) түзгөндүгү белгиленет»,-деп айтылат.

Ошондой эле, акыркы кварталдагы киреше былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга азайып, 5.409 млрд доллардан 3.761 млрд долларга түшкөн.

 

Тэги: McDonald's киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу