Кыргызстанда таза алтынга болгон баанын төмөндөшү 12-марттан бери байкалып жатат. Баалуу металлдын 1 граммы дароо 7.2% же 389 сомго арзандаган. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-мартка карата 1 грамм таза алтындын баасы 5 миң сом болгон. Баанын төмөндөшү- 3.38% түзгөн. Кошумчалай кетсек, акыркы учурда баалуу металлдын арзандашы үстүбүздөгү жылдын 22-январында катталган.
Эске сала кетсек, 13-мартта таза куйма алтындын баасы, Улуттук банк берген маалымат боюнча 3.65% арзандаган.
Улуттук банктын жаңылатылган маалыматында, 18-мартка карата 1 грамм таза куйма алтындан баасы - 5 миң 113.5 сом (+2.27%) турат.