«Альянс» саясий партиясы таза шайлоо өткөрүү боюнча Меморандумга кол койду

05.11.2021, 13:40 Акчабар
«Альянс» саясий партиясы таза шайлоо өткөрүү боюнча Меморандумга кол койду

Бүгүн, 5-ноябрда “Альянс” саясий партиясы таза шайлоо өткөрүү боюнча Меморандумга кол койду. Иш-чарага саясий жарышка аттанган жалпы 21 партиянын өкүлдөрү жана талапкерлери катышты.

Меморандумга ылайык, шайлоо тууралуу мыйзамдын эрежелерин сактоо, шайлоо кампаниясын ачык-айкын өткөрүү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын жогору коюу, саясий атаандаштар арасындагы талаштуу маселелерди мыйзамдын негизинде ачык дискуссия аркылуу чечүү, шайлоо маалында этикалык жана моралдык нормаларды сактоо, үгүт иштеринде административдик ресурстарды колдонбоо, добуштарды сатып албоо, башка талапкерлер тууралуу жалган маалыматтарды таратпоо жана башка Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында жазылган талаптарды аткаруу милдеттендирилген.

Меморандумга “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Чынгыз Айдарбеков кол коюп, милдеттенмелерди аткарууга убада кылды.

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 5-ноябрь, 2021-жыл.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу