“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Акционерлердин чечими менен директорлор кеңешинин мүчөсү Бекбо Маматбековдун ыйгарым укуктары токтотулду.
Анын ордуна Алымбек Баймуратов директорлор кеңешинин мүчөсү болду. Эмитенттин уставдык капиталындагы жактын катышуу үлүшү 0%.
Ачык маалымат булактарында Алымбек Баймуратов электр монтаждоо иштери менен алектенген “Кемин Турбина” ЖЧКсынын директору экени белгилүү.