Жарыяланган
2023-05-10, 06:10Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Рейдде техникалык абал, лицензиялардын бар-жогу, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз жабдууларды орнотуу, ылдамдыкты жогорулатуу жана башка кемчиликтер боюнча 780 мыйзам бузуу протоколдору түзүлдү.
Салынган айыптардын жалпы суммасы 1,4 млн сомго жетти.
Бул чаралар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо максатында өткөрүлүүдө.