akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-28-01, 07:30

    Кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспортту 2021 - жылы ала башташат

    2021-жылдын 1-январынан тарта кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспорт ала башташат. Бул тууралуу журналисттерге Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

    Бирок ал паспорт тууралуу кеңири айтып берген жок. Алмаз Мамбетов паспорттун бланкаларын басууга жаңы тендер жарыяланабы же башка макулдашуулар жүргүзүлөбү деген суроону жоопсуз калтырды.

    «Биз паспортторду өзүбүздөн басып чыгаруу жолуна баратабыз. Бул — коопсуздук маселеси жана мамлекеттин имиджи үчүн», — деди ал.