akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: КР Өкмөтү

    Жарыяланган

    2021-09-02, 10:00

    Премьер-министр: Алдыда чоң өзгөрүүлөр турат

    Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү, анда өкмөттүн жакынкы келечектеги ишинин негизги багыттары белгиленди. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты. 

    [news 32242]



    Премьер-министр белгилегендей, өкмөттүн жаңы курамы алдында кыска мөөнөттө ар бир сектордо, тармакта реформа жүргүзүү боюнча жоопкерчиликтүү милдет турат, мында аталган өзгөрүүлөр жарандар үчүн сезилерлик болуп, алардын жашоо деңгээлин жакшыртуучу жыйынтыктарды бериши зарыл.



    «Алдыда чоң өзгөрүүлөр турат, масштабдуу социалдык, экономикалык жана технологиялык милдеттерди ыкчам чечүү зарыл. Коомчулук бизге чоң ишеним артууда», - деди Улукбек Марипов жана жуманын соңунда мамлекеттик ведомстволордун түзүмүн бекитүү боюнча иш жыйынтыкталаарын кошумчалады.