Жарыяланган
2022-15-09, 07:37Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициянын көлөмү келерки жылы 64 млрд сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин ачылыш аземинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
“Бүгүн 5 жылдан бери курулушу бүткөрүлбөй келген мектепти ачып жатабыз. Анын курулушуна 136 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мектеп заманбап технологиялар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Көрсөтүлгөн инфраструктура донорлордун эсебинен эмес, бюджеттик каражаттардын эсебинен түзүлдү”, - деди ал.
Акылбек Жапаров быйыл билим берүү тармагына 47 млрд сом бөлүнгөнүн, келерки жылы мамлекеттик инвестициянын көлөмү 64 млрд сомго чейин көбөйтүлөрүн белгиледи.
“Мектептерди өнүктүрүүгө 5 млрд сом бөлүүнү пландап жатабыз. Мамлекет өнүгүү курсун алды. Бизге элдин колдоосу гана керек, бизге биримдик, тынчтык жана ар тараптуу өнүгүү керек”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.