Улуттук банк “Кербен-Алтын Булак” алмашуу бюросунун лицензиясын жокко чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Мындай чечим компаниянын жетекчилиги берген арыздын негизинде 14-декабрдан тарта кабыл алынган.
Кошумчалай кетсек, алмашуу бюросу Талас облусунда, Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолунун тилкесинде, Чоң-Капка бажы бекетинин жанында иштеп келген.